Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун VIII эл аралык фестивалы өтөт

Sputnik
Ушул жылдын 28-30-май күндөрү Бишкек шаарында дүйнө элдеринин эпосторунун VIII эл аралык фестивалы өтөт. Ага Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкортостан, Новосибирск, Абхазия ж.б.),Азербайжан, Япония жана башка мамлекеттерден илимпоздор менен өнөр адамдары катышары күтүлүүдө. Фестивалдын программасында эпос тануучулар жана окумуштуулар арасында эл аралык илимий-практикалык симпозиум өтөт. Ошондой эле, фестиваль күндөрү "Мыкты боз үй", "Мыкты семетейчи", "Көчмөн стили" жана башка сынактары уюштурулат.
Бул тууралуу дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалынын автору жана башкы координатору Дамира Алышбаева билдирди. Анын айтымында, иш-чаранын алкагында Улуттук “Манас” театры ачылган. Ошондой эле дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөөдө алгылыктуу иштер жасалды.