Сосновка айылында окуучу сууга түшкөн топту алам деп чөгүп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Сосновка айылында окуучу сууга түшкөн топту алам деп чөгүп кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 4-майда болгон.

“Кара-Балта шаарындагы мектептердин биринин окуучулары класс жетекчиси жана бир нече ата-эне менен чогуу экскурсияга чыгышкан. Эс алуу учурунда 15 жаштагы окуучу каналга түшүп кеткен топту алууга аракет кылып жатып, сууга чөгүп каза болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганы кошумчаланды.
Геленджикте топурак алдында калган үч кыргызстандыктын сөөгү табылды