БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызстан январь-февраль айларында 3,67 миллион долларга 581 тонна ак май экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Билдирүүгө ылайык, анын 86 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. Тагыраагы, 500 тоннасы (3,2 миллион долларга) Россияга сатылган.
Ал эми Казакстанга 71,8 тонна (432 миң доллар), Өзбекстанга 9,4 тонна (22,4 миң доллар) жана АКШга 200 килограмм (2,1 миң доллар) сатылган.
2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, май экспортунун көлөмү 16,3 эсеге көбөйгөн. Анда өлкө 147 миң долларга 35,7 тонна ак май саткан.