БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Шейшембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +21...+26 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +30…+32, Ош шаарында +32...+34 градуска көтөрүлөт.