Кыйын кезде кубат берип, патриоттук духту көтөргөн аскердик ырлар – Жеңишке сүрөгөн чыгармалардын аркасында кимдер турат?

Sputnik
Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл толуп жатат. Бул тарыхыбыздагы унутулгус, улуу күн. Эркиндик үчүн жанын берген ардагерлерди эскерип, тынчтыкты даңазалаган улуу майрам. Бул жеңиште мекенди коргоочулардын эрдиги гана эмес, ошол каардуу заманда жүрөк титиреткен аскердик ырлар жана музыканын орду да өзгөчө. Ал аскерлерге күч-кубат берип, мекенге болгон сүйүүнү, үмүттү жана бекем биримдикти камтыган руханий курал болгон.
Бүгүн биз “Стимул” программасында ушул теманын тегерегинде маек куруп, аскердик ырлардын тарыхтагы жана азыркы коомдогу орду, алардын жаштарга тийгизген таасири тууралуу сөз кылдык. Ошондой эле музыка аркылуу патриоттук духту көтөрүүнүн маанисине токтолдук. Биздин суроолорубузга КР куралдуу күчтөрүнүн борбордук армия үйүнүн башчысы, подполковник Эргеш Нурдинов жооп берди.