Сүймөнкул Чокморов атындагы №10 кесиптик лицейи — улуттук кол өнөрчүлүк менен кесиптик билимдин борбору

Sputnik
Сүймөнкул Чокморов атындагы № 10 кесиптик лицей 1940-жылы эт комбинатынын жана нан комбинатынын базасында кесиптик училищасы болуп аталган. Андан бери окуу жайдын аталышы көп жолу өзгөргөн. 2019-жылы №10 кесиптик лицейди кайрадан уюштуруу жолу менен Сүймөнкул Чокморов атындагы №92 кесиптик лицей биригип, Сүймөнкул Чокморов атындагы № 10 кесиптик лицей деп аталган. Окуу жай өлкөнүн жана Россиянын эмгек рынокторуна керектүү, дасыккан, атаандаштыкка туруктуу жумушчу кадрларды даярдайт. Кесиптик лицейдин устат-окутуучулары окуп, бул борбордон маалымат алып, кесиптик чеберчилигин жогорулатып турушат.
Улуттук буюмдардын устаты, улуттук буюмдарын жасоочу жана кийимдерин көркөмдөөчү, жыгачтан көркөм буюм жасоочу жана зергер кесиптери республика боюнча бир гана аталган окуу жайда үйрөтүлөрүн "Күн башат" берүүсүнүн коногу маалымдады.