БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Кыргызстанда криптовалютага болгон кызыгуу жылдан жылга өсүп жатканын белгиледи.
"Блокчейн, санариптик активдер мурда адистер гана түшүнгөн тармак болсо, азыр жаңы каржылык системанын негизине айланды. 2022-жылы "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, ал виртуалдык активдерди чыгарууга, сактоого жана жүгүртүүгө укуктук негиз түзүп берди. Түрдүү тармактарда санариптештирүү күч алып жатат. Бул өзгөрүүлөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда жана мамлекеттен так, түшүнүктүү чечимдерди талап кылууда", – деген президент.
Ал ошондой эле кеңештин ишинин негизги багыттары каржылык сабаттуулукту жогорулатуу, билим берүү программаларын алдыга жылдыруу, колдонуучуларды кибералдамчылыктан коргоо, мамлекеттик башкаруу системасына блокчейн-технологияларын киргизүү экенин белгилеген. Айтымында, бул тармактарга блокчейн-технологияларын киргизүү ачык-айкындуулукту, байкоо жүргүзүүнү гана жогорулатпастан, процесстердин бюрократизациясынын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Жыйында дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен Binance компаниясынын Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка боюнча аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков кеңештин курамына мүчө болуп киришти. Binance 100дөн ашык өлкөдө инфраструктураларды куруу жана инновацияларды киргизүү боюнча чоң тажрыйбага ээ экендиги айтылат. Чанпэн Чжао келечектин валютасы жана глобалдык резервдин бир бөлүгү боло турган блокчейн-технологияларды жана криптовалютаны киргизүү боюнча мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүүгө даярдыгын билдирген.
Кеңештин төрагасынын орун басары, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев блокчейн-технологияларды башкаруу системасына киргизүү аны бюрократиядан арылтуууга өбөлгө боло алат деген ишенимин айткан. Жыйынга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, виртуалдык активдерди өнүктүрүү киберкоопсуздук маселесин мурдагыдан да актуалдуу координациялоону талап кыларын белгилеген.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Фархат Иминов блокчейн базасында санариптик сомду түзүүнү, келечекте стейблкоинди чыгарууну, крипторезервди түзүүнүн зарылдыгын белгилеген. Бул өңүттө эл аралык тажрыйба изилденип, Binance жана BNB chain менен өнөктөштүктө иш жүргүзүлөт.
Маалыматта отурумдун жыйынтыгында бир катар конкреттүү чечимдер кабыл алынгандыгы кошумчаланган.