БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Китепкана, клубдарды жоюп, ордуна көп функционалдуу маданий борборлорду түзүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документти Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги даярдаган. Андагы маалыматка ылайык, өлкөдөгү 1050 китепкананын ичинен 51и авариялык абалда, 214ү капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал эми 650 айылдык маданият үйлөрүнүн (клубдар) 61и авариялык абалда, 199уна капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керек.
“Аларда дагы күтүлгөндөй жумуш жүргүзүлбөй келет. Ошол эле китепканаларда кызматкерлерге акы төлөнөт, бирок көпчүлүгүндө окурмандар жокко эсе. Ал эми маданият үйлөрүндө керектүү материалдык-техникалык базанын жоктугу иш-чараларды өткөрүүгө тоскоолдук кылат. Мындан тышкары, музыкалык аспаптар, сахна кийимдери, өз алдынча көркөм чыгармачылыктын катышуучулары үчүн костюмдар жокко эсе”, — деп жазылган негиздемесинде.
Мында аларды жоюп, ордуна бирдиктүү көп функционалдуу маданий борборлорду түзүү сунушталууда. Бул борборлор жаштар, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болот.
Маданият министрлиги жана жергиликтүү бийликтер үч ай ичинде китепканалардын натыйжалуулугу боюнча талдоо жүргүзүп, жоюлууга тийиш болгон мекемелердин тизмесин бекитет. Ошондой эле иштеп жаткан маданият мекемелерин модернизациялоо үчүн жаңы типтүү концепция иштелип чыгат. Ал эми китепканалардагы китептерди мектептерге өткөрүшү керектиги айтылган.