Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: 2014-жылы Россия крымдыктарды жана севастополдуктарды колдоого мажбур болгон

Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. 2014-жылы Россия крымдыктарды жана севастополдуктарды колдоо чечимин кабыл алууга мажбур болгон. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Ал "Россия. Кремль. Путин. 25 жыл" аттуу даректүү тасмада белгилегендей, андан бери өлкө Батыштын санкцияларынан улам олуттуу секирик жасады.

"Биз Донбасстагы маселени тынчтык жолу менен чечүүгө ынтызар болдук. Бирок экинчи тараптын ою да, аракети да башкача болду. Россия Минск келишимдерине ишеним артып, макул болгон. Бул келишимдерге кол коюп жатып, алардын аткарылышына үмүт артканбыз, бирок өлкөнү жөн гана алдашты", — деди президент.

Путиндин айтымында, 2014-жылы атайын аскердик операцияны баштоо мүмкүн эмес эле, анткени ал кезде Россия азыркыдай Батышка жалгыз туруштук бере алмак эмес.
Путин Евразия стабилдүүлүктүн мейкиндиги болушу керектигин белгиледи