БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Россияда курулушта иштеген Кыргызстандын үч жараны ураган топурактын алдында калды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
Россиядагы элчиликтин маалыматына ылайык, 3-майда Геленджик шаарындагы курулуш жүрүп жаткан жерлердин биринде топурак көчкөн.
“Кырсыктан улам И.А.С., Э.у.Э. жана Д.Е.А. аттуу кыргыз жарандары топурактын алдында калган. Аларды издөө иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, С.К.О. аттуу жаран оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген”, — деп жазылат маалыматта.
Россиянын тийиштүү органы тарабынан кылмыш иши козголуп, элчилик тиешелүү ведомстволор менен байланышта экени кошумчаланды.