Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Павел Николенко — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан аттанган эр жүрөк жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Sputnik
Улук лейтенант Павел Николенко
1924-жылы 24-августта Фрунзе районундагы Чалдыбар (азыр Панфилов району) айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жети класстык билим алып, колхоздо эсепчи болуп эмгектенет. 1941-жылы августта Кызыл Армияга чакырылып, 1943-жылы Владивостокто жөө аскерлер училищесин аяктайт.
1943-жылдын февралынан тарта согушка кирет. 4-гвардиялык аба-десанттык дивизиянын 12-полкунун 3-ротасынын командири болгон. Түндүк-Батыш, Борбордук, 1, 2-Украин фронтторунда согушкан.
Гвардиянын лейтенанты Днепр плацдармындагы кармашта өзгөчөлөнөт. 1943-жылдын 6-октябрында Губин айылынын түндүк жагында ротаны чабуулга алып кирип, өзү 20га жакын гитлерчилерди жок кылган. Батальондун жарадар болгон командиринин милдетин тагдыр чечилген учурларда өзүнө жүктөп, немецтердин контрчабуулунун мизин полктун аскердик негизги күчтөрү келгенче кайтарып, татыктуу жооп берип турган.
1943-жылы 17-октябрда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен немецтик баскынчыларга каршы күрөштө Днепрден өткөндөгү, плацдармды бекемдөөдө көрсөткөн баатырдыгы, эрдиги үчүн Павел Николенкого Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип, Ленин ордени, Алтын жылдыз медалы ыйгарылган.
1944-жылдын январынын соңунда Корсунь-Шевченко операциясына катышып, анын ротасы Киев облусунун үч кыштагында коргонууну бекем кармап турган. Бул душмандын 16-танкалык дивизиясынын жарып өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берген эмес.
Ал эми март айында Уманско-Ботошанск операциясында оор жарадар болот да, узак убакыт дарылангандан кийин ден соолугуна байланыштуу запаска бошотулган.
Пржевальск шаарында (азыр Каракол) жашап, Айыл чарба техникумунда аскер иштери боюнча сабак берет. Билим алып, бухгалтер кесибин алат да, эсепчи, андан кийин мамлекеттик банкта бөлүм башчы болот. Кийин Харьковго жер которуп, 1983-жылы 3-январда каза болот.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Григорий Петренко — Кыргызстандан аттанган Советтер Союзунун Баатыры