БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Денис Петрашов жыл башынан бери АКШдагы турнирлерде бешинчи алтын медалын багындырды.
Алсак, Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарында өткөн TYR Pro Swim Series эл аралык турниринде кыргызстандык спортчу 200, 100 жана 50 метр аралыктарда брасс боюнча биринчи орундарды ээледи.
Мунун ичинен 100 метрди брасс стилинде сүзүп, 59,23 секундда келгени кыргызстандык спортчу үчүн аталган дистанцияда рекорддук көрсөткүч болуп саналат.
Буга чейин ал апрель айында Сакраментодо өткөн мелдеште 50 жана 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө эки алтын медалга ээ болгон.