БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызгидромет 5-майдан 11-майга чейин күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун таратты.
Маалыматка ылайык, аптанын ортосуна чейин күн ачык болот.
Бейшембиден баштап күндүн көзү бузулуп, ишемби жана жекшембиде көпчүлүк жерде жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым күндөрү секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй, Талас
8-майга чейин күн ачык болот. 8-майда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 9-майда түндө жамгыр токтогону менен таң аткандан баштап апта соңуна чейин улам жаан жаап турат.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Түштүк аймактарда күн ачык болот. 8-майдан баштап көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонду.
Ысык-Көл, Нарын
Эртең айрым жерлерде жаан жаашы ыктымал. 6-7-8-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 9-майдан баштап мезгил-мезгили менен жаан себелеп турары айтылды.