Геленджикте топурак алдында калган үч кыргызстандыктын сөөгү табылды

Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Россиянын Геленджик шаарында курулуш жүрүп жаткан жерден көчкөн топурактын алдынан үч адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу РИА Новости укук коргоо органдарынын билдирүүсүнө таянып жазды.
"Үч адам каза болгон, алардын сөөгү табылды", – дешкен укук коргоо органдарынан.
Буга чейин ТИМ Россияда Кыргызстандын үч жараны ураган топурактын алдында калганын маалымдаган. Мындан тышкары, дагы бир жаран оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, кырсык 3-майда болгон.
Учурда Россиянын прокуратурасы текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Курулуштагы коопсуздук эрежелеринин бузулушу боюнча кылмыш иши козголду.
Төө-Ашууда таш кулап, буста келе жаткан 11 жаштагы кыз каза болду