Binance компаниясынын негиздөөчүсү “Рух-Ордого” барды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жана дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев аларга маданий борбордун аймагына экскурсия уюштуруп, анын ачылуу тарыхын айтып берди. Андан кийин ардактуу коноктор комуз түрүндө жасалган пирске барышып, ал жерден музыкалык аспапта ойноо чеберчилиги көрсөтүлдү. Садыр Жапаров сыйлуу конокко комуз тартуу кылып, концерттик программа менен коштолгон бейформал сый тамак берилди.
1 / 7

Президент Садыр Жапаров жана дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты.

2 / 7

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев аларга маданий борбордун аймагына экскурсия уюштуруп, анын ачылуу тарыхын айтып берди.

3 / 7

Андан кийин ардактуу коноктор комуз түрүндө жасалган пирске барышып, ал жерден музыкалык аспапта ойноо чеберчилиги көрсөтүлдү

4 / 7

Садыр Жапаров сыйлуу конокко комуз тартуу кылып, концерттик программа менен коштолгон бейформал сый тамак берилди.

5 / 7

Ошондой эле маалыматта мейманга улуттук даамдар тартууланып, ал максым, куруттан ооз тийгендиги айтылат. Чанпэн Чжао кыргыздын улуттук ашканасынын өзгөчөлүгүн белгилеген.

6 / 7

Президент Садыр Жапаров жана дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты.

7 / 7

Бүгүн Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйыны өтмөкчү. Ага Чанпэн Чжао катышат.
Айта кетсек, Binance биржасынын негиздөөчүсү Кыргызстандын президентинин санарип активдерди өнүктүрүү боюнча коомдук кеңешчиси болгон.
Өлкөдө жейрендердин саны көбөйөт. Жапаров Ысык-Көлдө багылган жаныбарларды көрдү