БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясы менен Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу аталган агенттик маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, аталган келишим өлкөдө өнүгүп келе жаткан санариптик активдер менен блокчейн жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.
Меморандумга президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн Санариптик активдерди өнүктүрүү боюнча кеңештин биринчи жыйынында кол коюлду.
Агенттик маалымдагандай, бул келишим Кыргызстандын аймагында жана андан тышкаркы аймактарда криптоактивдерди өнүктүрүү боюнча стратегиялык кызматташтыкка багытталган. Өнөктөштүк Кыргызстанда криптовалюталык төлөмдөрдү Binance Pay аркылуу киргизүүнү камтыйт, бул биринчи кезекте өлкөгө келген туристтер үчүн ыңгайлуу. Демилге ошондой эле Борбор Азиядагы жана Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) транс чек аралык төлөм жүргүзүүнү өзгөртүүгө, аймактардын баарында транзакцияларды натыйжалуу кылууга жол ачат.
"Келишимде өзгөчө билим берүү демилгелерине көңүл бурулган. Binance дүйнөдөгү ири Binance Academy билим берүү платформасынын тажрыйбасын колдонуу менен Кыргызстандын инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен биргеликте комплекстүү билим берүү программасын ишке ашырууну пландоодо. Бул программалар мамлекеттик органдардын, каржы институттарынын жана Кыргызстандын бардык жарандарынын криптовалюталардын артыкчылыктары менен тобокелдиктери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталат", – деп айтылат маалыматта.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Фархат Иминов меморандум Кыргызстандагы криптоактивдер секторун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгилеген.
"Биз биргеликте криптоактивдерди өнүктүрүүнү колдогон, финансылык сабаттуулукту жогорулаткан жана транс чек аралык төлөмдөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан, жарандарга жана бүткүл аймакка пайда алып келген күчтүү структураны түзүүгө аракет жасайбыз", — деген ал.
Ал эми Binance компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка өлкөлөрү боюнча аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен стратегиялык кызматташуу сыймык экенин белгилеген.
"Кызматташуунун максаты өлкөдө жана аймакта криптоактивдерге өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Бул өз ара түшүнүшүү меморандуму блокчейн технологиясын колдонуудагы бирдиктүү көз карашыбызды айгинелейт", — деген Хомяков.