АКШда 25 жаштагы кыргызстандык дайынсыз болууда

Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. АКШда 25 жаштагы кыргызстандык дайынсыз болуп, изделүүдө. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, А. уулу Б. аттуу жарандын жоголгонун туугандары кабарлаган.
“Элчилик АКШнын тиешелүү органдары менен кызматташып, аталган жарандын дайынын тактоо боюнча иш жүргүзүүдө. Мындан тышкары, Виржиния жана Вашингтон штаттарындагы активисттер менен маалымат алышууда”, — деди ТИМ.
Ошондой эле министрлик жоголгон жарандын туугандары менен байланышта экени кошумчаланды.
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү короодон табылды