БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Ишембиде Израилдин аба соккуларынан Газа секторунда 39 палестиналык, анын ичинде үч бала каза болду. Бул тууралуу Al-Jazeera телеканалына шилтеме жасап РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Хан-Юниста жайгашкан качкындар лагерине ЦАХАЛдын соккуларынан 11 адам, анын ичинде үч өспүрүм каза тапты.
Маалымат боюнча, 18-марттан бери анклавда 2 300дөн ашуун адам каза болуп, алты миңден ашык адам жаракат алган.
Израилдин аскерлери Газага соккуларын 18-мартка караган түнү жандандырган. Өлкө премьер-министри соккулар ХАМАСтын ок атышууну токтотууну узартуу жана туткундарды бошотуу боюнча Америка планын кабыл алуудан баш тартканы үчүн улантылганын билдирген.
Расмий түрдө ок атышууну токтотуу мөөнөтү 1-мартта аяктаган. Ортодо тараптарды сүйлөшүүгө тартуу аракеттери жүрүп жаткандыктан согуштук аракеттер башталган эмес. Ошол эле учурда Израиль Газадагы суу тазалоочу заводго электр энергиясын токтотуп, гумжардам ташыган унаалары үчүн чек араны жапкан.