5-майга карата аба ырайы

5-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +21...+26 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +30…+32 градуска көтөрүлөт.
Күндүн табы 34 градуска жетет! Май айына карата аба ырайы