Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Мамдуманын айрым депутаттары сунуштап жаткан мыйзам долбоорундагы Россияга мигранттардын үй-бүлөсүн алып кирүүгө тыюу салуу боюнча норма ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына жайылтылбайт. Бул тууралуу Россия ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча биринчи департаментинин директору Микаэл Агасандян билдиргенин РИА Новости жазды. "Бул Россиянын эл аралык милдеттенмелерине, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген эмгекчилер үчүн Россиядагы өзгөчө миграциялык режимди камсыз кылган ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин алкагында да каршы келмек", — деди ал. Буга чейин Мамдуманын Россиянын либералдык-демократиялык партиясынын лидери Леонид Слуцкий баш болгон депутаттардын тобу РФ жарандыгы жок мигранттарга үй-бүлөсүн өлкөгө алып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелешкен. Мамдуманын иш планы боюнча документ ноябрь айында каралат.
Бишкекте өздөрүн УКМК кызматкерибиз деп аялдын ири суммадагы акчасын алдап алгандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.21-апрелде милицияга Е.К. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жарандар бейтааныш номерден чалып, өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, депозиттик эсебинен 300 000 сомун банктык эсепке котортуп алышкан. "Андан кийин аялдын Бишкектеги батирин 74 000 долларга мажбурлап саттырып, түшкөн акчаны бир нече банктык реквизиттерине которттурушкан", — деп айтылат маалыматта.Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренесиинин негизинде иш козголуп, 19 жаштагы улан менен 45 жаштагы киши кармалган. Шектүүлөр жашаган үйдү тинткенде банктын эсеп карталары, ар кандай төлөмдүн квитанциялары, сим карталар жана белгисиз маркадагы газ менен аткан, ок-дарысы жок тапанча табылган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө жүрүп жатканын айтышты.
Владимир Зеленский Киев бийлиги 9-майда Москвадагы парадда чет элдик коноктордун коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын билдиргенин РИА Новости жазды. "9-майда Россияга бара турчу же барган бардык мамлекеттерге карата биздин позициябыз эң жөнөкөй. Россиянын аймагында болуп жаткан окуялар үчүн жоопкерчилик ала албайбыз. Силердин коопсуздугуңарды алар камсыздайт", — деген Киев бийлигинин башчысы. Ал Москванын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоо учурунда ок атышууну токтото туруу сунушун да четке каккан.