БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Владимир Зеленский Киев бийлиги 9-майда Москвадагы парадда чет элдик коноктордун коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын билдиргенин РИА Новости жазды.
"9-майда Россияга бара турган же барган бардык мамлекеттерге карата биздин позициябыз эң жөнөкөй. Россиянын аймагында болуп жаткан окуялар үчүн жоопкерчилик ала албайбыз. Силердин коопсуздугуңарды алар камсыздайт", — деген Киев бийлигинин башчысы.
Ал Москванын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоо учурунда ок атышууну токтото туруу сунушун да четке каккан.
РИА Новости бул Зеленскийдин аталган тема боюнча талкуу жараткан биринчи билдирүүсү эмес экенин жазды. Басылма РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков 9-майда салтанаттуу иш-чара боло турганын белгилегенин кошумчалаган.
Дүйшөмбүдө Кремль Владимир Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата 8-майдан 10-майга чейин ок атышууну токтото турууну жарыялаганын билдирген. Анда айтылган мезгилде бардык согуштук операциялар токтотулары, эгер Украина убактылуу элдешүүнү бузса, Россиянын Куралдуу күчтөрү жооп кайтара турганы жазылган.