БИШКЕК, 3-май — Sputnik. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова РИА Новостиге Владимир Зеленскийдин 9-майда Россиянын коопсуздугуна кепил бере албагандыгы туурасында айтканы түздөн-түз эле коркутуп-үркүтүү экендигин билдирди.
"Зеленскийдин жасаган билдирүү кокусунан болгон жок. Бул — эл аралык масштабдагы террорчунун классикалык коркутуусу", — деди ал.
Дипломат Зеленскийдин билдирүүлөрү террордук уюк болгон Киев режиминин неонацисттик табиятын даана, так көрсөтүп берип жатканын белгилеген.
Захарова Киев бийлигинин башчысы чектен чыгып бара жаткандыгын, бул улуу күнү парадга жана салтанаттуу иш-чарага келген ардагерлерди опузалап жатканы акылга сыйбастыгын айткан.
"Украинада Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган эстеликтерди бузуп-талкалоо, советтик аскерлердин сөөктөрүн ордунан варвардык менен козгоп, мемориалдык жерлерден шаар четине көчүрүү, Жеңиш символикасын мазактоо — мунун баары 9-Май күнү Зеленский фронтовик чоң атасын эскербестен, фашисттерге таазим кылышын далилдейт", — деген ТИМ өкүлү.
Эске салсак, Владимир Зеленский Киев бийлиги 9-майда Москвадагы парадда чет элдик коноктордун коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын жар салган.