Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Космонавт менен легендалуу спортчу Кыргызстанга "Эскерүү отун" алып келишет

Аталган акция быйылкыны кошкондо төртүнчү ирет өтмөкчү. Иш-чара республикалык жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстандагы ыктыярчылар кеңешинин өз ара кызматташуусу менен уюштурулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кыргызстанда "Эскерүү оту" акциясы өтө тургандыгын Бишкектеги илим жана маданият борборунан ("Русский дом") маалымдашты.
Россиянын "Элдик фронт" ири коомдук кыймылынын активисттери Россотрудничествонун колдоосунда Кыргызстанга Москвадагы Белгисиз жоокердин бейитинде күйүп турган Өчпөс оттун жалынынан алып келишет.
Акция 5-майда Москвадагы Александров багында башталат. Катышуучулар Өчпөс оттон баатырлардын шаарларына жана 20 өлкөгө жеткиришет.
Кыргызстанда аталган акция быйылкыны кошкондо төртүнчү ирет өтмөкчү. "Эскерүү отун" берүүнүн салтанаттуу аземи Бишкек, Кант, Шопоков, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Араван, Беловодское айылдарында уюштурулат.
6-майда "Эскерүү отун" Бишкекке РФ учкуч-космонавты Дмитрий Петелин, Ошко Олимпиаданын үч жолку чемпиону, Россиянын Лыжа жарыштары боюнча федерациясынын президенти Елена Вяльбе жеткирет.
Иш-чара республикалык жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандагы ыктыярчылар кеңешинин өз ара кызматташуусу менен уюштурулууда.
Дмитрий Петелин Эл аралык космостук станция программасы боюнча космосто эң узак убакыт учкан, орбитада 340 сутка, 21 саат 22 мүнөт жүргөн космонавт. Бул убакытта Петелин алты жолу ачык космоско чыгып, 39 сааттан ашык жүргөн.
Елена Вяльбе — легендалуу лыжачы, дүйнөнүн 14 жолку чемпиону, дүйнө кубогунун беш жолку ээси, Олимпиаданын үч жолку чемпиону, РФтин Лыжа жарышы боюнча федерациясынын президенти, XX кылымдын мыкты лыжачысы катары Гиннес китебине кирген.
Байкоңурдагы Жеңиш монументинде Өчпөс от тутандырылды