Виртуалдык активдер менен блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөнүн мамлекет башчынын администрациясынан билдиришти.
Тиешелүү документке Садыр Жапаров кол койгон.
Кеңеш виртуалдык активдер, блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү, улуттук кызыкчылыктарды, эл аралык стандарттарды эске алуу менен жаңычыл долбоорлорго дем берүү жана инвестицияларды тартуу максатында уюштурулган.
Маалыматта президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору жаңы түзүлгөн кеңештин катчылыгынын жетекчиси болуп саналат.
Кеңештин негизги милдеттери:
виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктоо;
виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу;
виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү;
өлкөдө виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүүгө чет өлкөлүк компанияларга көмөк көрсөтүү;
Кыргызстандын экономикасын дүйнөлүк экономикалык процесстерге интеграциялоо;
Кыргызстандын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу стратегиясы;
виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргызстандын инновациялык программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу.
Кыргызстанда санариптик сомду алуудан баш тарткандар айыпка жыгылат