БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бишкекте өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, аялдын 5,2 миллион сомун алдап которттуруп алгандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ч. С. аттуу жаран 6-мартта Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кайрылып, шылуундарга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу арызында белгисиз адамдар чалып, өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, 5 292 000 сомун которттуруп алышканын жазган. Аялдын алдаткан акчалары үч банктагы депозиттик эсептеринде сакталып турган.
Ленин РИИБдин тергөө кызматы "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө банктык реквизиттер аркылуу шектүүлөр кармалды. Алар аял которгон акчаны накталап алышкан. Кармалгандардын төртөө 21 жашта, бирөө 22 жашта.
Шектүүлөрдүн баары убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө уланууда.