Батирин мажбурлап саттырып... Бишкекте аялдын көп акчасын алдап алгандар кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бишкекте өздөрүн УКМК кызматкерибиз деп аялдын ири суммадагы акчасын алдап алгандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
21-апрелде милицияга Е.К. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жарандар бейтааныш номерден чалып, өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, депозиттик эсебинен 300 000 сомун банктык эсепке котортуп алышкан.
"Андан кийин аялдын Бишкектеги батирин 74 000 долларга мажбурлап саттырып, түшкөн акчаны бир нече банктык реквизиттерине которттурушкан", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде иш козголуп, 19 жаштагы улан менен 45 жаштагы киши кармалган. Шектүүлөр жашаган үйдү тинткенде банктын эсеп карталары, ар кандай төлөмдүн квитанциялары, сим-карталар жана белгисиз маркадагы тапанча (газ менен аткан, ок-дарысы жок) табылган.
Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө жүрүп жатканын айтышты.
Бишкекте аял УКМКнын кызматкерлерибиз деп алдагандарга 5,2 млн сом которуп жиберген