Андрей Хименко
Ал 1915-жылы 7-декабрда Елизаветовка (азыр Ак-Кайың району, Түндүк Казакстан облусу) кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1927-жылы жер которуп, Фрунзе шаарына келет да, "Союзпечатта" почтальон, бухгалтер болуп иштейт.
1941-жылы Кызыл Армияга чакырылат. Алгач 108-кавалериялык дивизияда кызмат өтөгөн, андан кийин 39-гвардиялык аткычтар дивизиясындагы 117-гвардиялык аткычтар полкунун 5-аткычтар ротасында (8-гвардиялык армия, 1-Беларусь фронту) аткыч болуп кызмат кылган. Украинаны бошотууга катышкан. Аткычтар ротасынын партиялык уюштуруучусу болгон
Магнушев плацдармы үчүн болгон кармашта каармандыгы менен айырмаланган. Хименко 1944-жылы 1-августта Магнушев (Польша) кыштагынын жанында Висла дарыясынан биринчилерден болуп өтөт. Бир нече ирет чабуулга алгачкылардан болуп кирип, башка жоокерлерди шыктандырып, үлгү болот. 2-августта Осембору кыштагын немецтерден бошотуу үчүн согушуп жатканда командири курман болот. Бул учурда Хименко аткычтар ротасын башкарууну колуна алып, фашисттердин гарнизонун талкалайт. Ушул салгылашта Хименко душмандын ондон ашуун жоокерлери менен офицерлерин жок кылат.
1944-жылы 6-октябрда Подосье (Польша) кыштагынын жанындагы Магнушев плацдармындагы кармашта баатырдык менен курман болот да, сөөгү Польшанын Эдуардов айылына коюлат.
1945-жылдын 24-мартында СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен курман болгондон кийин Андрей Хименкого Советтер Союзунун Баатыры наамы берилет. Эрдик медалы ыйгарылат.
СССРдин коргонуу министринин буйругу менен 117-гвардиялык мотоаткычтар полкунун тизмесине киргизилет. Баатырдын ысымы Петропавловск (Казакстан) шаарындагы көчөлөрдүн бирине Андрей Хименконун ысымы ыйгарылган. Германиядагы Ордруф жана Майнинген шаарларындагы 39-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын гарнизондоруна бюсту орнотулган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.