Аксыда сел жүрүп, үйлөрдүн короо-жайын каптады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун эки айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Анда кечээ саат 18:00 чамасында Аксы районунун Ак-Суу жана Сары-Челек айыл аймактарында мөндүр аралаш жамгыр жааганы айтылат.
Мунун кесептинен Сары-Челек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылындагы Баатырбек тилкесинде эки сайдын суусу ашып, ондой турак үйдүн короосун каптаган. Ошондой эле автоунаа жүргөн жолго кум, шагыл агызып келип, автоунаалардын өтүшүнө тоскоолдук жаралган.

"Ушул эле күнү Ак-Суу айыл аймагынын Төө-Басты айылында кокту-колоттордон түшкөн сел болжол менен 1 500 метр ички жолдун бетин жууп, айрым жерин бузуп кеткен. Мындан сырткары, беш турак үйдүн, социалдык үч мекеменин короо-жайын каптады", — деп жазылат маалыматта.

Аймактарда жергиликтүү бийлик, ӨКМ өкүлдөрү иш алып барганы кошумчаланды.
Күндүн табы 36 градуска жетет! Бир жумага карата аба ырайынын божомолу