4-майга карата аба ырайы

4-майда түнкүсүн өлкөнүн аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 30…35, Талас жеринде 29…34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 30…35, Ысык-Көл аймагында 22...27, Нарын өрөөнүндө 21…26 градус ысык болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ош шаарларында 32…34 градуска чыгат.
Кыргызстандын быйылкы туристтик сезону ачылды