Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ армиясынын полковниги: Зеленскийдин доору бүтүп, кереги жок болуп бара жатат

Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Владимир Зеленский колунан келгендин баарын жасады, эми ал жакынкы убакытта четтетилет. Бул тууралуу АКШ армиясынын мурдагы полковниги Энтони Шаффер YouTube платформасында айтканын РИА Новости жазды.

"Зеленскийдин доору аяктап, эки тарапка тең кереги жок болуп бара жатат. Неонацисттер андан алчусун алышты. Ал согушту бардык сунуштарга карабай узартып жатат. Зеленскийди алар менен да, биз менен да, Россия менен да жаркын келечек күтүп турат деп ойлобойм. Украина башчысы бардык мүмкүнчүлүктү колдон чыгарды", — деген полковник.

Шаффер Зеленскийдин бул абалдан чыгуу үчүн колунда көзүрү жок экенин кошумчалаган.
"Ал Россияга сөөм жерин берсе дагы неонацисттер аны четтетип, жок кылып коюшу мүмкүн", — деген ал.
Бейшембиде АКШнын Финансы министрлиги Вашингтон менен Киев жаратылыш ресурстары боюнча келишимге кол коюшканын жарыялады. Анда АКШ Украинада казылган кен байлыктарды сатып алуу үчүн артыкчылык укугун алары жазылган. Бирок документте Киев үчүн коопсуздук кепилдиги каралган эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдиктин Украина жаңжалын жөнгө салууда ортомчулук кылуу ниети жок