БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында жейрендин популяциясын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Долбоордун максаты — браконьерлердин айынан тукум курут болгон жейрендерди Кыргызстандын жапайы жаратылышына кайтарып келүү. Учурда Ысык-Көлдөгү борбордо 43 жейрен багылууда, жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү пландалган.
Жаныбарлар ал жерде жарым-жартылай эркин шартта кармалып, кийинчерээк жаратылышка кое берилет. Быйыл багылып жаткан жейрендердин 12 эркеги, алар көнүшүп кеткенден кийин 13 ургаачысы улагы менен биринчи жолу табиятка кое берилери айтылды.
Мамлекет башчы кыргызстандыктарга, өзгөчө Ысык-Көлдүн тургундарына кайрылып, Кызыл китепке кирген жейрендин популяциясын калыбына келтирүү демилгесин колдоого, эркиндикке кое берилген жейрендерди атпоого чакырды.
“Бүгүнкү күндө биз салыштырмалуу бакубат заманда жашап жатабыз, азык-түлүк тартыштыгы жок, андыктан бул жаныбарларга кол салуудан пайда жок. Жейренге аңчылык кылуу эч бир көйгөйдү чечпейт”, — деген Жапаров.