Лейтенант Лаврентий Царенко
1914-жылы 1-январда Ленин кыштагында (азыркы Ош облусундагы Куршаб айылы) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Толук эмес орто билим алган. Согушка чейин колхоздо трактор, автоунаа айдаган, Куршаб МТСинде механик болгон.
Царенко армияда 1937-1940-жылдары кызмат өтөп, 1942-жылы кайрадан чакырылат. 1943-жылы Харьковдогу танк училищесин бүтүрөт да, августтан тарта майданга кирет. Воронеж, 1-Украин, 3-Беларусь, 1-Прибалтика фронтторунда согушат, 43-гвардиялык танк полкунда командир болот.
Латвияны бошотууда каармандыгы менен өзгөчөлөнгөн. 1944-жылдын 28-июлунда Царенко советтик бир нече аскер менен кошо Елгава шаарына кирип, артынан жөө аскерлер агылат. Көчөдө болгон согушта өзүнүн экипажы менен душмандын танкага каршы аткан үч куралын жана аткылап турган төрт жерин жок кылат.
1945-жылдын 24-мартында СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен немецтик баскынчыларга каршы күрөштө Днепрден өткөндөгү, плацдармды бекемдөөдө көрсөткөн баатырдыгы, эрдиги үчүн Лаврентий Царенкого Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип, Ленин ордени, Алтын жылдыз медалы ыйгарылган. Кийинки жылдары эки Кызыл жылдыз, II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана бир катар медалдар менен сыйланган.
Согуштан кийин армияда кызмат өтөп, Түркстан аскер округундагы танкалык бөлүктү жетектеп, Водил райондук аскер комиссариатында (Фергана облусу, Өзбек ССРи) иштейт. Андан соң Фрунзедеги шаардык аскер комиссариатында эмгектенип, кийинчерээк Ысык-Көл райондук аскер комиссариатын башкарат. 1961-жылы майор Лаврентий Царенко запаска бошойт. Өмүрүнүн акырына чейин Киров бакчачылык совхозунда (азыр Сокулук району, Күнтуу айылы) эмгектенет. 1976-жылы 27-октябрда каза таап, Фрунзе шаарында жерге берилет.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.