1-майдан тарта Кыргызстанга сырттан жумуртка ташууга тыюу салынды

Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. 1-майдан тарта Кыргызстандын аймагына сырттан жумуртка алып келүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Ведомство мындай чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана товардын базардагы баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганын белгиледи.
Ага ылайык, 1-майдан тартып жарым жылга чейин (6 ай) (Кыргызстан аркылуу алып өтүүнү жана ЕАЭБдин бир субъектинен анын аймагы боюнча башка субъектиге которууну кошпогондо) жумуртка импорттоого болбойт.
Министрлик 10-февралдан ушул күнгө чейин өлкө аймагына коңшу мамлекеттерден жумуртка импорттолбогонун, тескерисинче, 2025-жылдын январь-март айларында Кыргызстандан бир эле коңшу Казакстанга 8 миллион 812 даана жумуртка экспорттолгонун белгиледи.
Ведомство импортко тыюу салынганы менен өлкө ичинде бул товарды кенен-кесир жүгүртсө болорун кошумчалады.
Кыргызстандын 420 ишканасы ЕАЭБге продукциясын экспорттой алат