Курулуш министри реконструкцияланып жаткан "Манас" аэропортун көрдү

Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Курулуш министри Нурлан Орунтаев "Манас" эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция иштерин көрүп чыкканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, учурда аэропорттун фасады эл аралык стандартка ылайыкталып жаңыртылып, кошумча корпусу салынууда. Министр аба майдандагы май куюучу комплекстин курулуш иштерин да көрүп, башкы подрядчы болгон "Кыргыз курулуш" ишканасынын директоруна курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын көзөмөлгө алып, өз убагында бүтүрүүнү тапшырган.
1 / 3

Курулуш министри Нурлан Орунтаев "Манас" эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция иштерин көрүп чыкты

2 / 3

Учурда аэропорттун фасады эл аралык стандартка ылайыкталып жаңыртылып, кошумча корпусу салынууда

3 / 3

Курулушка "Кыргыз курулуш" башкы подрядчы болууда

Министр Чүйдө салынып жаткан эки мектептин курулуш иштеринен да кабар алган. Ведомство Панфилов районунун Чорголо айылында 100 орундуу, Военно-Антоновка айылында 700 орундуу мектеп салынып жатканын белгиледи. Учурда курулуш иштеринин 70 пайызы бүтүп калганы кошумчаланды.
Мэрия Бишкектеги 8 көчө качан оңдолуп бүтөрүн айтты