Бишкекте паркта эс алуучуларды ташыган гольф-кар эркек баланы сүзүп кетти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бишкекте парктарда эс алуучуларды ташыган гольф-кар эркек баланы сүзүп кетти. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматы тастыктады.
Билдирмеге караганда, окуя 1-май күнү болжол менен саат 20:30дар чамасында болгон. Анда 49 жаштагы киши Golf-car поездин Раззаков көчөсү менен айдап баратып, Пушкин көчөсү менен кесилишкен жерде электросамокат тээп бараткан бала менен сүзүшкөн.
"Натыйжада электросамокат тээп бараткан бала жаракат алып, Тез жардам кызматы менен ооруканага жаткырылган", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факт Бирдиктүү реестрге катталып, бардык экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.
Бийлик электросамокаттарды колдонуу тартибин бекитти