БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Украина маселесинде АКШ сүйлөшүү процессинен чыга турган болсо Евробиримдик ортомчулук милдетти аркалабайт. Бул тууралуу Европанын тышкы саясий кызматынын расмий өкүлү Анвар аль-Ануни билдиргенин РИА Новости жазды.
Ага Вашингтон тынчтык орнотуу боюнча аракеттерин токтотушу мүмкүн деген кептен улам Евробиримдик арага түшө алар-албасына байланышуу суроо узатылган. Өкүлдүн айтымында, Брюссель, тескерисинче, Киевге мындан ары да курал-жарак жагынан жардам берүү ниетинде.
“Азыр эртеңки күнгө божомол кылуудан алыспыз, деген менен Украинаны күчтөнтүү максатыбыз өзгөргөн жок. Жардам уланат. ЕБ мамлекеттери быйыл 23 миллиардга бааланган көмөк убадалады. Ушу тапта быйылкы жылдын эсебинен көрсөтүлө турчу колдоонун үчтөн эки бөлүгүн көрсөттүк”, — деген Анвар аль-Ануни.
Анын айтымында, ЕБдин дипломатиялык аракеттери “Украинанын өзүн-өзү коргоо укугун колдоого” багытталат.
Россия атайын операция башталгандан тарта Украинаны курал-жарак, ок-дары менен камсыздоо абалды жөнгө салууга кедергисин тийгизип, НАТО мамлекеттерин тирешүүгө аралаштырып жатканын айтып келет.