Бүгүнкү “Ачык кеп" программасында биз Финансы министрлигинин өкүлү менен жакында өткөн маанилүү иш-чара тууралуу сүйлөштүк. Бул өзгөчө семинар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россиянын Финансы министрлигинин кызматташтыгынын алкагында уюштурулуп, анда бир нече маанилүү маселелер талкууланды.
Бүгүнкү программада дал ушул иш-чара тууралуу, тактап айтканда анын максаты, жыйынтыгы жана эки өлкөнүн каржы министрликтеринин алакасы тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Сыймыкбек Нурунбетов жооп берди.