Бишкекте суу ташкындарын алдын алуу үчүн эмне иштер аткарылууда?

Sputnik
Бишкек шаарында дарыялар менен арыктарды тазалоо, жашыл аймактарды сактоо жана сугаруу системаларын ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктады. Маалымдалгандай, ал жерден 46 миң тонна таштанды чыгарылды. Ала-Арча дарыясында тазалоо иштери жүрүп жатат. Мында 30 миң тоннага чукул таштанды чыгарылып, дагы калдыктар чыгарылары күтүлүүдө. Тазалоо иштеринен кийин жарандардын эс алуусу үчүн шарттарды түзүү максатында жашыл аймакка айландыруу каралган. Бул иштерди 2026-жылга бүткөрүү пландалууда. Ал эми баш калаадагы 20 чакырым арыктарды тазалоо жана калыбына келтирүү
“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасына милдеттендирилгенин ишкананын башкы агроному Жаныбек Жумалиев маалымдады. Ал ошондой эле сууну үнөмдөө жана жеткирүү үчүн тамчылатып, жамгырлатып сугаруу ыкмалары колдонулуп жатканын кошумчалады.