Ар бир кызматкер татыктуу эмгек акы алып, ишине коопсуз шарттар түзүлүшү керек. Ошондой эле социалдык кепилдиктерге да ээ болушу шарт. Бирок тилекке каршы иш жүзүндө эмгекчилердин укуктары дайыма эле сактала бербейт. Мындай учурда эмгекчилердин таламын талашып, укуктарын коргоп келаткан негизги уюмдардын бири профсоюздар федерациясы. Бүгүнкү “Күн башат” программасында дал ушул өлкөдө жумушчулардын укугун коргоо жаатында кандай иштер жүрүп жатканы дегеле кандай көйгөйлөр бардыгы тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу жооп берди.