БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Чүй облусундагы Лебединовка айыл аймагынын Ч.Б.А. аттуу мурунку башчысы 23 гектардан ашык жерди мыйзамсыз ээлеп алууга шектелип жатканын УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат Ч.Б.А. 1992-2012-жылдары жумушун кыянаттык менен пайдаланып, Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкектен жер тилкелерин менчиктеп алганын кошумчалады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Иликтөөнүн жыйынтыгында 23 гектар мамлекеттин балансына кайтарылды. Жерди мыйзамсыз өткөрүү иштери боюнча тергөө уланууда.