ТИМ АКШдан кайтарылган кыргызстандыктар тууралуу түшүндүрмө берди

Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги АКШдан депортацияланган кыргызстандыктар боюнча түшүндүрмө берди.
Эскерте кетсек, бүгүн АКШнын Ички коопсуздук министрлиги өлкөгө мыйзамсыз кирген 131 кишинин чыгарылганын билдирген. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар экени айтылган.
ТИМдин маалыматы боюнча, өлкөгө 20 кыргызстандык Нью-Йорк – Ташкент – Бишкек багыты менен чартердик каттам аркылуу келишти. Рейс Өзбекстан менен АКШнын ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде уюштурулган.
"КР жарандары АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу кармалган жана атайын мекемелерде кармалып турушкан. Бардык иммиграциялык жол-жоболор, анын ичинде соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин алар өлкөдөн депортацияланууга тийиш болгон чет элдик жарандардын тизмесине киргизилген", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ чет өлкөлөдө жашап жаткан КР жарандарына ошол өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого, ошондой эле укуктук же башка кыйынчылыктар жаралган учурда Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнө өз убагында кайрылууга чакырды.
Трамп АКШ бардык мигранттардын суроосун канааттандыра албастыгын айтты