Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия эбегейсиз чоң жана күчтүү. Трамптын Зеленскийге айтылган сөзү

Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ватиканда Владимир Зеленский менен жолугуп, "Россия абдан чоң жана күчтүүрөөк" деп аны Украинанын ресурстары боюнча келишим түзүүгө көндүрүүгө аракет кылганын РИА Новости жазды.
"Мен ага (Зеленскийге - ред.) келишимге кол койсок абдан жакшы болорун, анткени Россия алда канча чоң жана күчтүү экенин айттым", — деген Трамп News Nation телеканалына курган маегинде.
Ошол эле учурда америкалык лидер армия жагынан алганда Россия "АКШчалык күчтүү эмес" деген ойго келгенин кошумчалаган.
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин россиялык армиянын күжүрмөн даярдыгы, аскердик-өнөр жай комплекси дүйнөдө алдыңкы орунда турарын билдирген.
Кремль Россия эч кимди коркутпай турганын, бирок өлкө кызыкчылыгына доо кетирүүчү кооптуу аракеттерди көңүл сыртында калтырбай турганын белгилеген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФтин БУУдагы өкүлү: Киевдин элдешүүгө макулдугу сүйлөшүүлөргө карай кадам болмок