БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) "Маткасымов" компаниясына эмерек чыгаруу үчүн 1,5 миллион доллар бөлгөнүн билдирди.
Фонд муну менен компаниянын экинчи долбоорун каржылап жатат. Ишкана бул каражатка жогорку технологиялык жабдууларды орнотуп, дүңүнөн сатыла турган беш багыттагы эмерек жасай турганы айтылды.
"Маткасымов" ЖЧКсы ТВ аксессуарларын, металл конструкцияларын, үй буюмдарын жана түрдүү эмерек чыгарат. Компания ийгиликтүү иштеп, өлкөгө кирген импорттун 30 пайызын алмаштырып, продукциясынын 28 пайызын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттойт.