Кыргызстандагы Комсомолец чокусуна Жеңиш туусу сайылды

Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. РФ элчилигинин дипломаттары менен Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун (“Русский дом”) кызматкерлери Жеңиш күнүнүн урматына Ала-Арча паркында жыл сайын өтчү эл аралык альпиниадага катышты. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Маалыматта иш-чара Жеңиштин 80 жылдыгына арналганы айтылат.
Альпиниаданын катышуучулары 2 204 метр бийиктиктеги Комсомолец чокусун багындырып, Улуу Жеңишти даңазалаган тууну сайышкан.
РФ элчиси Талас облусуна согуштагы баатырлар тууралуу документтерди тапшырды