Мигранттарга Россияга үй-бүлөсүн алып келүүгө салынчу тыюу ЕАЭБге жайылтылбайт

Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Мамдуманын айрым депутаттары сунуштап жаткан мыйзам долбоорундагы Россияга мигранттардын үй-бүлөсүн алып кирүүгө тыюу салуу боюнча норма ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына жайылтылбайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча биринчи департаментинин директору Микаэл Агасандян билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул Россиянын эл аралык милдеттенмелерине, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген эмгекчилер үчүн Россиядагы өзгөчө миграциялык режимди камсыз кылган ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин алкагында да каршы келмек", — деди ал.
Буга чейин Мамдуманын Россиянын либералдык-демократиялык партиясынын (ЛДПР) лидери Леонид Слуцкий баш болгон депутаттардын тобу РФ жарандыгы жок мигранттарга үй-бүлөсүн өлкөгө алып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелешкен. Мамдуманын иш планы боюнча документ ноябрь айында каралат.
Россия чет элдиктердин өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырууну 10-сентябрга чейин узартты