БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкекте Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү кармалганын Sputnik агенттигине өздүк булактар билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, милиционер 150 миң сом талап кылып, анын 80 миңин алып жаткан жеринен колго түшкөн. Тергөөчү кылмыш ишин токтотуу үчүн акча сураганы айтылды.
Кечээ УКМК кызматкерлери милиция бөлүмүндө тинтүү жүргүзгөн.