Ала-Арча паркы боюнча киргизилген жаңы эрежелер жана тарифтер

Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бүгүн, 1-май — Эмгекчилердин күнүнө карата, Ала-Арча паркына кирүү акысыз болот. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.
1-майдан тарта жаңы тарифтер жана эрежелер киргизилмекчи:
паркка электромобилдер гана кире алат. Бензин, газ жана дизель менен жүргөн көлүктөр киргизилбейт;
2 500 машина баткыдай унаа токтотуучу жай болот;
акы машина үчүн эмес, киши башына алынат.
Тарифтер:
чоңдор үчүн билет — 200 сом;
7ден 14 жашка чейинки балдарга билет — 150 сом;
электромобилдер үчүн — 800 сом.
1 / 3

Бүгүн, 1-май — Эмгекчилердин күнүнө карата, Ала-Арча паркына кирүү акысыз болот

2 / 3

Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти

3 / 3

Ала-Арча паркындагы электробустар

Садыр Жапаров таштанды чогултту. Ишембиликке чыккан президенттин кайрылуусу