БИШКЕК, 1-май —Sputnik. Москвадагы Жеңиш парадына АКШдан өкүл келиши мүмкүндүгүн РИА Новости "Звезда" телеканалына таянып жазды.
Анда Американын жогорку кызматтагы өкүлү иш-чарага катыша турганын боолгологон. Азырынча келе турган коноктун ким экени белгисиз.
Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга бир нече мамлекеттин президенти, анын ичинде Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров барары маалым.
Ошондой эле Москвадагы парадга шериктеш 19 өлкөдөн аскер бөлүктөр чакырылган.