БИШКЕК, 1-май — Sputnik. АКШ Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан мыйзамсыз барган 131 мигрантты депортациялады. Бул тууралуу Американын Ички коопсуздук министрлиги расмий сайтынан билдирди.
Маалыматта процесс Өзбекстандын өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылганы айтылат. Ошондой эле мигранттарды алып кетүүгө коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиеев учак жөнөткөнү маалым болду.
"Биз Өзбекстан менен өз ара коопсуздукту бекемдөө жана мыйзам үстөмдүгүн сактоо боюнча кызматташууну уланта бермекчибиз", — деп белгилеген АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм.