2-майга карата аба ырайы

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Жума күнү күндүз республика аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 20…25, Талас жеринде 17…22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 21…26, Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө 15...20 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 22…24, Ош шаарында 24…26 градуска чейин көтөрүлөт.
Аймактарда сел жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты